• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте нотариус, каттоо кызматкери, сот аткаруучу мүлктү мыйзамсыз кайра каттаган

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Бишкекте нотариус, мамлекеттик каттоо кызматкери жана сот аткаруучу 30 млн сомдук мүлктү мыйзамсыз кайра каттагандыгы аныкталды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан О.Я. аттуу шаар тургунунун арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, Бишкектин Биринчи май райондук мамлекеттик нотариалдык конторасынын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык филиалынын жана Сот аткаруучулар кызматынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкандыгы аныкталды.

Алсак, О.Я. мурунку жолдошу маркум Н.И.А. менен биргеликте Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан батирди жана турак жайды сатып алышкан. Кыймылсыз мүлктөр жубайлардын ортосундагы менчиги болуп саналгандыгына карабастан жогоруда аталган кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, белгиленген турак жайларды, кайрылуу ээсинин менчик укуктарын бузуу менен Россиянын жараны С.Н. наамына мыйзамсыз мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү менен каттап беришкен.

Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк сот тарабынан жокко чыгарылгандыгын билип турушуп, турак жайларды камактан мыйзамсыз чыгарып, С.Н. турак жайларды 30 млн сомдон ашык суммага сатып чет өлкөгө чыгып кеткен.

Аталган факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий