• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Новиков: 2020-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча инвестициялык каражаттардын агымы 56%га кыскарды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча инвестициялык каражаттардын агымы 56%га кыскарды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы пандемия дүйнөдөгү ар бир өлкөгө өз таасирин тийгизди.

"Жалпылап караганда, дүйнөдө инвестициялык каражаттардын агымы 40%га азайды. Пандемиянын Кыргызстанга да таасири тийди. Алсак, 2020-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча инвестициялык каражаттардын агымы 56%га кыскарды", - дейт ал.

Новиков кийинки жылы бардык пландар жана долбоорлор жандандырыларына ишенерин билдирди

Пикир

Оставить комментарий