Новиков: Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу жайларды реабилитациялоо боюнча долбоор жактырылды

Өкмөт 0

Бишкек 23.12.20. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бүгүнкү күндө шаар саркынды сууларды тазалоочу тутум менен болгону 40%га гана камсыздалган. Мында жайкы туристтик сезондо шаарга 200 миңдей адам келет.

Белгиленгендей, Ысык-Көл районунда жаңы тазалоочу жайларды куруу жана тийиштүү жабдууларды алмаштыруу маселеси курч турат.

Өкмөт башчынын м.а. Артем Новиков белгилегендей, аталган маселе аймактын экологиялык коопсуздугун камсыздоо жана Ысык-Көл биосфералык аймагын сактоо үчүн өзгөчө маанилүү болуп саналат.

«Каракол жана Балыкчы шаарларында тазалоочу жайларды реабилитациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Өз кезегинде Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайларды реабилитациялоо боюнча долбоор үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Өкмөткө караштуу Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеш тарабынан жактырылган. Долбоордун наркы 32,4 млн АКШ долларын түзөт, анын 13,5 млн доллары – гранттык каражаттар, 13,5 млн доллары – кредиттик каражаттар жана 5,4 млн доллары – бюджеттин каражаты. Белгилеп кетсем, долбоор жакынкы арада ишке ашырылат. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына долбоорду ишке киргизүүнү тездетүү үчүн 2021-жылдын апрель айына чейин бардык зарыл болгон финансы-экономикалык жана техникалык эсептөөлөрдү жүргүзүү тапшырылган», - деди Артем Новиков.

Пикир

Оставить комментарий