Новопавловка айылындагы турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Кечээ, 10-августта Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Кырсыктын кесепетинен темир калай менен жабылган үйдүн чатыры, ага жанаша турган убактылуу жашай турган эки бөлмөлүү үй күйгөн. Сарай, 3 куб отун, тактайлар, 1 тонна кездеменин калдыктары, кездемелер күйүп, 3 газ баллон жарылган.

Болжол менен өрт 300 чарчы метр жерди кучагына алган. Жабыркагандар жок, учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий