Транспорт министрлиги өлкөдө аткарылып жаткан жол иштери боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө боюнча асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол белгилерин актап-сырдоо жана алмаштыруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатканын билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, төмөнкү жолдордо оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат:

- Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат. Жолдун 3,8-18,3-чакырым аралыгындагы тилкелер оңдолууда. Жалпы 5 чакырым жер жасалат. Бүгүнкү күндө 2 чакырым 300 метр жолго асфальт төшөлдү;

- Нарын облусундагы Ача-Кайыңды - Калинин унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Быйыл жалпы 14 чакырымды түзгөн унаа жолдун 3 чакырымын асфальттоо каралган. Учурда 550 метр жол жасалды;

- Ош - Баткен - Раззаков унаа жолунун (эски багыт) 195-207-чакырым аралыгын (Баткен - Боз-Адыр унаа жолу) асфальттоо жумуштары жүрүп жатат;

- Нарын облусунун Баетов - Макмал унаа жолунун 4,5-10-чакырым аралыгында да асфальт төшөө иштери жүрүп, учурда бир чакырым 400 метр жол жасалды. План боюнча жалпы 6 чакырым оңдолот;

- Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт унаа жолунун 86-88-чакырым аралыгына битум менен шагыл аралашмасы төшөлүүдө;

- Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы көпүрөлөрдү актап, сырдоо иштери жүрүп жатат;

- Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунда суу жеп кеткен жерлер жана түтүкчөлөр ондолуп, калыбына келтирилүүдө;

Пикир

Оставить комментарий