Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Новопокровка айылында үйдүн ичинен жылан чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан үйдүн ичинен жылан чыккан.
Маалыматка ылайык, ӨКМден үч куткаруучу тартылып, жыланды үйдүн ичинен чыгарып беришти.
Жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий