• 87
  • 90.41
  • 0.84

Нур-Султанда кыргыз-казак эки тараптуу мамилелеринин учурдагы абалы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-ноябрында Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Казакстанстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан Республикасынын биринчи президентинин – Элбашынын жардамчысы – Казакстанстандын биринчи президентинин аппаратынын маалыматтык-аналитикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адил Турсунов менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Дюшекеев Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтө турган VII чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын талкуулашты, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлде боло турган иш-чараларга токтолушту.

Жолугушуунун аягында элчи Дюшекеев маектешине миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-казак кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий