• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Кыргызкөмүрдүн” башчысынын орун басары жана коммерциялык директору кызматтан алынды

Коом 0

Бишкек, 26.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысынын орун басары Надирбек Бекжанов жана коммерциялык директору Тимур Чокморов кызматтан алынды. Тешелүү чечим Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Жыйында Бекжанов жана Чокморовдун иштеринин натыйжалуулугу начар, жетишсиз деген тыянакка келип, кызматынан бошотуу сунушу түшкөн.

Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү аталган сунушту бир добуштан колдоду.

Пикир

Оставить комментарий