• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Түркиядагы жер титирөө. Бишкекте гумжардам чогултуу пункттары ачылды

Коом 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарында Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чогултуу пункттары төмөнкү даректерде жайгашкан:

  • Биринчи май району: Жибек-Жолу проспектиси № 495 дарегиндеги социалдык өнүктүрүү башкармалыгында, телефон: 0 (312) 67 04 33;
  • Ленин району: Чүй проспекти № 315 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын биринчи кабатында, телефон: 0 (312) 653870;
  • Октябрь району: Байтик-Баатыр көчөсү №17 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын 1-кабатында, телефон: 0(312) 578900;
  • Свердлов району: Чүй проспектиси №28 дарегиндеги муниципалдык администрациянын имаратынын жанында, телефон: 0312 360707.

Пикир

Оставить комментарий