• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджети 2,5 млрд сомду түздү

Аймак 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2 млрд 509 млн 306,2 миң сомду түздү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 156,8 %га өстү же 908 796,2 миң сомго көп.

Анын ичинен:

- салыктык кирешелер 2 023 126,2 миң сомду (жалпы бюджеттин 80,7%) түзөт;

- салыктык эмес кирешелер 356 180 000 сом (жалпы бюджеттин 14,1%);

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 130 000,0 миң сомду (жалпы бюджеттин 5,2%) түзөт.

2023-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды кошкондо 2 млрд 509 млн 306,2 миң сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 908 млн 796,2 миң сомго көбөйгөн. 2023-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөнкүдөй сунушталат:

- жалпы багыттагы коммуналдык кызматтар - 15,7%;

- коргонуу - 0,3%;

- экономикалык маселелер - 19,6%;

- турак жай-коммуналдык чарба - 36,2%;

- маданият жана спорт - 6,7%;

- билим берүү - 20,4%;

- социалдык коргоо - 1,1%.

- билим берүү - 20,4%;

- социалдык коргоо - 1,1%.

Пикир

Оставить комментарий