• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Нурбек Сыдыгалиев Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги күзгү сессиясына катышууда.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара 28-сентябрдан 4-октябрга чейин Франциянын Страсбург шаарында өтүп жатат.

Иш-чаранын алкагында адам укуктары, миграция маселелери, качкындар иштери, социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо жана туруктуу өнүктүрүү, саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттердин отурумдары өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, быйыл КР Жогорку Кеңеши Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын "Демократия боюнча өнөктөш" статусун алганына 10 жыл толду. Кыргызстан Борбор Азияда бул макамды алган биринчи мамлекет болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий