• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Нургүл Бакирова “Укук булагы” долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. Кечээ, 2022-жылдын 21-январында КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага төрайымдын кеңешчиси Чыңгыз Токтобеков, мыйзамдар менен иштөө жана Пленумдун ишин камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова жана коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усупбаев катышты. Ал эми долбоор тараптан сот системасынын көз карандысыздыгы боюнча программасынын жетекчиси Алмаз Касымбеков, эксперт Чинара Айдарбекова, гендер боюнча эксперт Нора Сүйүналиева жана кызматкер Бакыт Конушбаев катышты.

Төрайым өнөктөш уюмдар менен кызматташуу келечекте да өнүгүп, өз ара аракеттенүү улана берерин белгиледи.

Фред Хьюстон долбоордун ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берди.

Тараптар сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга, калктын сот бийлигине болгон беделин жана ишенимин чыңдоого, соттордун материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, электрондук сот өндүрүшүн, коррупцияга каршы чараларды күчөтүү жана башка бир канча маселелерге токтолушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий