• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Нурлан Исаков «Кыргызалтындын» төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Исаков Нурлан Мамбетказиевич «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, Нурлан Исаков “Кыргызалтын” ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен дайындалып, эмгек жааматка тааныштырылды.

Ал 1994-жылы Кыргыз тоо-металлургиялык институтун тоо-кен инженери адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун «Макмалалтын» комбинатында айдоочунун жардамчысы болуп баштаган.

Көп жылдар бою «Макмалалтын» комбинатында ар кандай өндүрүштүк кызматтарда иштеген. Кийин «Макмалалтын» заводунун директору болуп дайындалган.

Мындан тышкары «Кыргызалтын» ААКнын Солтон-Сары кенинин башкы инженери да болгон.

Пикир

Оставить комментарий