• 87
  • 90.41
  • 0.84

Нурлан Өмүркул уулу кайрадан Бишкек ЖЭБине жетекчи болду

Коом 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Бишкек шаардык жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Нурлан Өмүркул уулу кайрадан жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттикке "Электр станциялар" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, Нурлан Өмүркул уулу 2018-жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болгон учурда мекемени жетектеп турган болчу. Окуядан кийин ал кызматтан четтетилген.

ЖЭБди 2018-жылдан тарта Андрей Варапаев башкарып келген.

Пикир

Оставить комментарий