• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эдил Байсалов Монголиянын элчиси Ганхуяг Содном менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 13.01.23/Кабар/. 2023-жылы Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге чыгышы керек. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ганхуяг Содном менен жолугушууда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

«Кыргызстан менен Монголиянын элдеринин көп кылымдык достук жана бир туугандык байланыштары бар жана биз эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана тереңдетүүгө умтулабыз», - деди Эдил Байсалов.

Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ганхуяг Содном өз кезегинде монгол тарап эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий