Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Чүй облусунун Москва районунун Төрт-Гүл айыл аймагында Москва жана Жайыл райондорунун жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Парламенттен билдиришкендей, көчмө жыйындын алкагында жергиликтүү тургундар аталган аймакта салынып жаткан кичи ГЭСте курулуш нормалары бузулуп жаткандыгы боюнча маалымат беришти. Тагыраагы, объекттин курулушу ичүүчү суунун булганышына алып келип, экологияга жана жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгү айтылды.
Төраганын орун басары аталган маселени тийиштүү мекемелер текшерип чыгышы керектигин белгилеп, жергиликтүү жетекчилерге керектүү иштерди алып барууну табыштады.
Андан тышкары, Нурланбек Азыгалиев Кызыл-Дыйкан айылындагы карьердин абалынан кабар алып, анын эксплуатациясында да экологиялык жана социалдык тобокелчиликтерди эске алуу зарыл экенин кошумчалады.
“Суу – бул өмүр булагы. Андыктан, суу маселесине байланышкан курулмаларда эрежелерди бекем сактап, элдин саламаттыгына зыян келбегидей иштерди жүргүзүү керек. Албетте, ГЭСтин курулушу аймак үчүн эле эмес, өлкөбүз үчүн өтө маанилүү”, – деди төраганын орун басары.
Пикир
Оставить комментарий