Нурланбек Шакиев Аксы районуна жумушчу сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев селден жабыркаган айылдардан кабар алып, табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында көрүлүп жаткан чаралар менен таанышуу үчүн Жалал-Абад облусунун Аксы районуна барды.

Парламенттен билдиришкендей, төраганы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган жетекчилер коштоп барып, жасалып жаткан иштер боюнча жеринде маалымат беришти.

Алгач төрага Кара-Камыш айыл аймагындагы Чарба айылында болуп, Кара-Суу дарыясынын нугун буруп, жээгин бекемдөө жаатында мерчемделген иштердин долбоорун көрдү.

Табигый кырсыктардан алдын алуу иштерине кайдигерлик кылуу мүмкүн эмес экендигин айткан төрага: “Кырсык айтып келбейт. Аба ырайынын туруксуздугун эске алып, жалпы өлкө боюнча сел жана жер көчкү тобокелдиктерин азайтуу иштерине өзгөчө көңүл бурулушу керек. Анткени, өлкөбүздүн башкы байлыгы - элибиз. Андыктан элибиздин коопсуздугуна кам көрүү мамлекетибиздин башкы милдети”, - деди.

Ошондой эле дарыянын жээктерин бекемдөө иши тез жана сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Табигый кырсыктардын алдын алуу ишинен каражатты аябашыбыз керек. Эгер кайдигер карап, каражатты аясак анын кесепети оор болушу мүмкүн”,- деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, 25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам Кара-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суунун агып келиши секундасына 35 куб метрден, 100 куб метрге чейин жогорулаган. Натыйжада дарыянын жээги бузулуп, Чарба айылындагы турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган.

Иш сапар андан ары уланып, төрага Нурланбек Шакиев баштаган жетекчилер Жүзүм-Жан, Кара-Суу айылдарындагы жагдай менен да таанышары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий