Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Азыркы учурда Оштогу Салиева көчөсүндө 2021-жылы бекитилген планга ылайык, санитардык тазалоо, жакшыртуу жана көп кабаттуу үйлөрдүн айлана-тегерегин жашылдантуу боюнча комплексттүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Долбоордун эскизинде жөө жүргүнчүлөр жолун, арыктарды оңдоо, жолду асфальттоо, көп кабаттуу үйлөрдүн айлана-тегерегин жакшыртуу жана жашылдантуу, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын боёо каралып, фонтан, балдар аянчасын куруу пландалган. Планга ылайык, курулуш иштери үстүбүздөгү жылы май айында башталат.
Пикир
Оставить комментарий