• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Нурланбек Шакиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрага Нурланбек Шакиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Ардактуу мугалимдер!

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Өзгөнүн балдарын өз баласындай көрүп, алардын татыктуу-таалим тарбия алып, мыкты инсан болушу үчүн кызмат кылган агартуучулардын кесиби ары татаал, ары сыймыктуу иш. Андай кесипти өлкөсүн сүйгөн, элинин келечеги үчүн күйгөн, изденип окуп, билгенин башкаларга үйрөтө билген адам гана аркалай алат. Себеби, бирөөгө сабак берип, окутуу чоң эмгекти, айрыкча жоопкерчиликти жана сабырдуулукту талап кылат. Ошондо гана кылган кызматынын акыбети кайтып, окуткан окуучулары мыкты инсан болуп өсүп чыгат. “Мугалим – мөмөлүү дарак” – дегендей, окуучуларынын үзүрүн жалпы өлкө көрөт.

Кадырлуу агартуучулар!

Өзүңүздөр жакшы билгендей, акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы мектептер жана бала бакчалар арбын салынууда. Ошондой эле мугалимдердин айлык маянасын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Жеке мен агартуучулардын айлык маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек деген талапты коюп келем. Анткени, агартуучулук кесип бардык адистиктин энеси. Баарыбыз мугалимдерден таалим-тарбия алганбыз. Андыктан, алардын айлыгы башкалардыкынан жогору болушу зарыл.

Ал эми Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде билим берүү тармагын жакшыртууга жана агартуучуларды ар тараптан колдоого багытталган мыйзамдык базаны чыңдоо үчүн керектүү иштерди алып барып, зарыл болгон бардык демилгелерди колдоп келет. Үстүбүздөгү жылдын башында “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынып, ишке киргизилди. Анда агартуучулардын макамын көтөрүү менен катар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү ченемдер камтылган. Албетте, аталган мыйзам акыркысы эмес. Заман талабына, учур ыңгайына жараша керектүү өзгөртүүлөрдү киргизип, дагы жакшыртуу иштери жигердүү уланат.

Урматтуу замандаштар!

Тилекке каршы, коомубузда балдар арасында болуп жаткан жосунсуз жоруктарга мугалимдерди гана жоопкер катары караган учурлар арбын. Бирок, “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” – дегендей, келечек ээлери алгачкы таалим-тарбияны үй-бүлөдөн аларын унутпашыбыз керек. Эгер тарбия ишинде ата-эне, мугалим жана коом бирдей аракет кылып, бири-бирин толуктап турса мыкты балдар өсүп чыгары анык.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, ар бирибиздин биринчи мугалимибиз өмүр бою эсибизден кетпейт. Алгач мектептин босогосун аттаганда көргөн агартуучубузду идеал тутуп, үлгү кылабыз. Андыктан, ар бир агартуучу окуткан окуучусунун тагдырына таасир этип, келечегине салым кошо аларын унутпашы керек. Азыркы технология өнүккөн заманда, окуучулардын көңүлүн бурган жаңы чакырыктарга атаандаштыкта иш алып барып, заман талабына ылайык эмгектенүүсү зарыл.

Кымбаттуу мугалимдер!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, узак өмүр, бекем ден соолук каалайм! Окуткан окуучуларыңыздар мыкты инсан болуп, өзүңүздөрдү сыймыктандырсын! Ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!"

Пикир

Оставить комментарий