• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Нурланбек Шакиев Канаданын элчиси Дагган Кристофер Полду кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Канаданын Кыргызстандагы элчиси Дагган Кристофер Полду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев Дагган Кристофер Полду Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, тажрыйбалуу элчи катары эки элдин байланышын жаңы деңгээлге чыгарууга көмөктөшөрүнө ишеним артты.

Ошондой эле мамлекеттер аралык алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз кылган төрага: “Биз Канада менен калыптанган эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү негизги максаттарыбыздын бири. Анткени аталган багытта мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң. Муну менен катар Кыргызстан кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу, инфраструктураны жана айыл чарбасын өнүктүрүү өңдүү инновациялык долбоорлор боюнча биргелешип иш алып барууга даяр”, – деди.

Андан сырткары, өнөктөштөр менен саясий кызматташтыкты бекемдөөдө парламенттик дипломатиянын да ролу чоң экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Жогорку Кеңеште Канада менен кызматташуу боюнча достук тобу түзүлгөн. Ушундай эле топту Канада парламентинде да түзүүнү сунуштайм. Мындай ыкма парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүүгө жана мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашууга гана өбөлгө түзбөстөн, мамлекеттер ортосундагы маанилүү маселелерди биргелешип талкуулоого көмөкчү болот”, – деп билдирди.

Муну менен катар Төрага парламентте жарандар тарабынан шайланган эл өкүлдөрү олтурарын белгилеп, элчи катары кыргыз элинин үнүн уккуңуз келсе Жогорку Кеңештин ишине көз салыңыз деген пикирин айтты.

Мындан тышкары Нурланбек Шакиев эки өлкөдө тең эки мамлекеттин элчиликтерин ачуу демилгесин көтөрүп, аталган маселени чечүү алакаларды арттыруудагы негизги кадамдардын бири болорун эске салды.

Ал эми элчи Дагган Кристофер Пол ишеним көрсөтүп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылыгын билдирип, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай кеп кылды.

“Канада Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө маани берет. Бизде алакаларды арттырууга негиз болгон көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Алардын бардыгын биргелешип ишке ашырабыз деген үмүттөмүн. Айрыкча экологияны коргоо, климаттын өзгөрүүсүн алдын алуу, саламаттыкты сактоо өңдүү тармактар боюнча Канаданын тажрыйбаларын бөлүшүүгө даярбыз”, – деди Дагган Кристофер Пол.

Мындан тышкары, айтылган сунуштарды сөзсүз эске аларын айткан элчи парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү жаатында жигердүү иш алып барарын, анын ичинен эки тараптуу иш сапарларды уюштурууга көмөктөшөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий