Нурланбек Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйынынын алкагында болуп өттү.

Жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери да катышты.

Баарлашууда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун абалы жана келечеги талкууланып, андагы парламенттердин ролу тууралуу сөз болду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын ишине жогору баасын берип, жамааттык коопсуздукту камсыздоо багытында кабыл алынып жаткан моделдик актылардын маанилүүлүгүнө токтолду.

Эскерте кетсек, бүгүн Алматы шаарында ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындары өтүүдө. Жыйындын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышына тиешелүү маселелер талкууланары мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий