• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызстан менен Дания "жашыл" экономика жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулады 

Саясат 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Даниянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Ларс Расмуссен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрлердин жолугушуусу күн мурун «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» форматындагы тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусунун алкагында Люксембург шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу саясий, соода-экономикалык кызматташуунун, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана Евробирлигинин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.

Делегациялардын башчылары санариптештирүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, гидроэнергетика жана "жашыл" экономика жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча пикир алмашышты. Мындан тышкары, эки тараптуу кызматташууну активдештирүү максатында өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти.

Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий