• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ниязалиев БА өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Кечээ, 14-июлда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Ташкент шаарында өткөн «Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу Эл аралык конференциянын алкагында уюштурулган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилеринин формалдуу эмес жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун катышуучулары жакында алдыда боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдык көрүүгө байланыштуу уюштуруу маселелерин, ошондой эле жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун талкуулашты. Соода, транспорт, энергетика жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жана пандемияга каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууга Казакстандын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри М.Тлеуберди, Тажикстандын тышкы иштер министри С.Мухриддин, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - тышкы иштер министри Р.Мередов, Өзбекстандын тышкы иштер министри А.Камилов катышты.

Пикир

Оставить комментарий