• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-италия кызматташтыгын кеңейтүү жана бекемдөө талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-октябрында КР тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министринин орун басары Манлио Ди Стефано, Словениянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Станислав Рашчан, Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Ингрид Брочкова менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министринин орун басары М.Ди Стефано менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда тараптар акыркы жылдары эки тараптуу байланыштарды активдештирүү жана саясий байланыштарды чыңдоо тенденциясын канааттануу менен белгилешти. Бул контекстте жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерин, ошондой эле тараптардын делегацияларынын быйыл «Борбордук Азия-Италия» министрлер жолугушуусуна катышуу пландарын талкуулашты.

Словениянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы С.Рашчан, Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы И.Брочкова менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Н.Ниязалиев кыргыз тарабынын словения жана словакия тараптары менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Словения менен Словакияга ТИМдер аралык консультациялардын алкагында ишти улантуу сунушталды.

Мындан тышкары, Н.Ниязалиев Кыргызстандын Словения жана Словакия менен соода-экономикалык кызматташтыгынын олуттуу пайдаланылбай жаткан потенциалына көңүл бурду жана ушуга байланыштуу бул багыттагы иштерди активдештирүүнү сунуштады.

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев ошондой эле италия, словения жана словакия тараптарга 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтүүчү ЕБ-БA биринчи экономикалык форумуна даярдыктар тууралуу маалымат берди. Н.Ниязалиев Форумдун ишине Италиянын, Словениянын жана Словакиянын өкүлдөрүнүн жана бизнес делегацияларынын активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий