• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров 10-январда башкаруу формасы боюнча референдумду өткөрүүнү сунуштоодо

Саясат 0

Бишкек, 24.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасы боюнча референдумду бир күндө өткөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу ал "7 каналга" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурдагы парламенттик башкаруу оң натыйжа бербей келүүдө.

"Жаңы Конституциялык долбоордо бир эле башкаруу болсун деп жатабыз. Бүгүн парламенттик башкаруу деген менен утуп келген үч партия биригип, мамлекетти үчкө бөлүп алууда. Элдин кызыкчылыгына иштесин деп жаңы Конституциялык долбоор сунушталууда. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө кайрылып кетким келет. Сиздерди эч ким кубалап жаткан жери жок. Бир-эки ай карайсыздарбы шашуунун кажети жок", - дейт ал.

Жапаров эки гана сунуш киргизгенин айтат. "Былтыр депутат Курманкул Зулушев парламенттик же президенттик башкарууну тандоо боюнча референдум өткөрүүнү Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоодо кайсы башкаруу формасын тандоо боюнча элдин шайлоосуна койсо деп суранып кетет элем. Шайлоодон кийин гана ушул Конституцияны кабыл алалы. Ошондой эле дагы бир графа киргизиш керек. Ал жерде 35и бир мандаттуу, 55и партиялык тизме менен Жогорку Кеңешке келет. Эгер бир мандаттуу кылып койсок, аял, жаштар келбей калышы мүмкүн. Президенттик шайлоодо бюллетенге ушул эки графаны кошуп коюу сунушун айтат элем", - деп белгилеп кетти президенттикке талапкер.

Жапаров жаңы Конституциялык долбоордун автору эместигин айтат. "Жаңы Конституциялык долбоорду Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Байас Турал жана андан башка 20дан ашык адам жазган. Бул жерде юридикалык билими бар адамдардан сырткары уюмдардын өкүлдөрү да бар", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 17-ноябрь күнү жаңы Конституциялык долбоор коомдук талкууга коюлган. Аны менен бирге президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Конституциялык кеңешме жаңы Конституциялык долбоордун түзүлүшүн, адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин, мамлекеттик бийлик системасын талкуулайт.

Пикир

Оставить комментарий