• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Конституциялык кеңешме түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлык боюнча төмөндөгүлөр токтом кылынат:

1. Конституциялык кеңешме тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Конституциялык кеңешме конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүүнүн; адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин; мамлекеттик бийлик системасынын; мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруунун жана чектөөнүн концепциясын, ошондой эле жогоруда аталган багыттардан келип чыгуучу башка маселелерди талкуулоону жүргүзсүн, анын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

3. Конституциялык кеңешме макулдашылган маселелер боюнча кеңешменин ишинин жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында мезгил-мезгили менен чагылдырууну уюштурсун.

4. Конституциялык кеңешме өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имаратында өткөрөт деп белгиленсин. Конституциялык кеңешменин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Конституциялык кеңешмеге иштөө үчүн тийиштүү жай, ал эми анын мүчөлөрүнө имаратка кирүүгө мүмкүндүк берсин.

6. Конституциялык кеңешменин ишин уюштуруучулук, усулдук, материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу тийиштүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын басма сөз- кызматтары Конституциялык кеңешменин ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылсын.

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И. Бакировго жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий