• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Нурланбек Шакиев Хорватиянын тышкы министри Гордан Грлич Радманды кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Хорватия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радманды кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Хорватиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын кеңейтүү, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу жаатындагы маселелер талкууланды.

Нурланбек Шакиев тышкы иштер министринин сапары алгач ирет уюштурулуп жатканын эске салып: “Сиздин бул иш сапарыңыз эки өлкөнүн алакасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө көмөкчү болот деген ишеничтемин. Кыргызстан Хорватия мамлекети менен бардык багыттарда, анын ичинен туризм, тоо-кен, энергетика, жашыл экономика сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар. Ошондой эле эки өлкөнүн соода байланышын да өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Анткени, аталган жаатта да мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, тыгыз кызматташуубуз кажет”, – деди.

Ошондой эле байланыштарды өнүктүрүүдө парламенттик дипломатия башкы орунда турарын белгиледи.

“Эки тараптуу иш сапарларды уюштуруп, парламенттик кызматташтыкты да тереңдетүүбүз зарыл. Депутаттык достук топторун түзүп, тажрыйба алмашуу жаатында да биргелешип иш алып баруубуз керек”, – деди ал.

Ошондой эле маданий-гуманитардык мамилелер тууралуу да сөз кылып, Хорватия мамлекети өзүнүн туристтик жайлары менен эле өзгөчөлөнбөстөн, мыкты футболчулары менен таанылып келе жатканын белгиледи.

“Бизде да акыркы жылдары спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинен футболчуларга керектүү шарттар түзүлө баштады. Буйруса бизден да Лука Модрич, Иван Ракитич өңдүү легендарлуу хорват оюнчуларындай мыкты футболчулар чыгып, өлкөбүздүн байрагын эл аралык деңгээлде желбиретет деген үмүттөбүз. Ошондой эле Хорватияда жыл сайын жаштар арасында футбол турнирлери өтүп, ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн жаш спортчулар катышып келе жатканын билебиз. Тышкы иштер министри катары аталган мелдешке кыргызстандык спортчулардын да катышуусуна көмөктөшүүңүздү өтүнөм”, – деди Шакиев.

Өз кезегинде Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман алгачкы иш сапары жемиштүү башталганын белгилеп, жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар Хорватия мамлекети Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып: “Айрыкча саясий-экономикалык өнөктөштүктү өрчүтүү менен билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм өңдүү тармактарда биргелешип иш алып барууга кызыкдарбыз”, – деп кошумчалады министр.

Ошондой эле Кыргызстанга Хорватиянын ири ишканаларынын өкүлдөрү жана ишкерлер да келип, бул жактагы мүмкүнчүлүктөр менен таанышып жатышканын кошумчалады.

“Биргелешкен бизнес форум мындан аркы байланыштардын жаңы барагын ачат деген үмүттөбүз”, – деди ал.

Андан сырткары, парламенттик алакаларды арттыруу жаатындагы айтылган сунуштарды да толук колдой тургандыгын белгиледи.

"Министр Хорватияда салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан жаштар арасындагы футбол мелдешине кыргызстандыктардын катышуусуна да көмөк көрсөтөрүн убада кылды",-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий