• 87
  • 90.63
  • 0.79

Нурланбек Шакиев министрлер кабинети уюштурган маалыматтык көргөзмөгө катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Бүгүн төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарына Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинети өлкөдө жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат-көргөзмөсүн тартуулашты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Иш-чарада ар бир министрлик ишке ашырган долбоорлору, жасаган жумуштары жана келечек пландары тууралуу кеңири маалымат беришип, жаңыланган техникалык базасынын үлгүлөрүн көрсөтүштү.

Тагырагы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба тармактарында, өзгөчө кырдаалдарда, коргоо жана коопсуздук жаатында колдонуу үчүн алынган заманбап техникалар көрсөтүлүп, санариптештирүү жана жасалма интеллекти пайдалануу багытындагы айрым долбоорлор айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы үч жыл аралыгында мамлекетибизде ири реформалар ишке ашырылып жатканын сөз кылып, мында 500дөн ашуун керектүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан Жогорку Кеңештин депутаттарынын салымы чоң экенин баса белгиледи. Алсак, өлкөбүздөгү быйылкы жылдын октябрь айына чейинки экономикалык өсүш 109,6%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий