• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сот Дүйшөн Төрөкуловду үй камагына чыгарды. Ал Жогорку Кеңештин жыйынына келди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 10-мартындагы чечимине ылайык, Дүйшөн Төрөкуловдун камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Төрөкуловдун үй камагы түрүндөгү баш коргоо чарасы сотко чейинки өндүрүштүн аякташына чейин узартылды. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 15-майына чейин.

Эскерте кетсек, УКМК 2021-жылдын 15-январында Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду коррупция фактысы боюнча кармаган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Төрөкуловго УКМКнын тергөө абагына эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган.

Пикир

Оставить комментарий