• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Дастанбек Жумабеков Пакистандын элчиси менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кази Хабиб Ур-Рахманды кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык мамилелерди жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы алакаларды өнүктүрүү боюнча баарлашты.

Элчи Кази Хабиб Ур-Рахман Төраганын жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылык билдирип, Дастанбек Жумабековду Жогорку Кеңештин Төрагалыгына шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле, ал Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Сардар Аяз Садиктин расмий куттуктоосун жеткирди. Мындан сырткары, Кыргызстандагы президенттик шайлоонун таза жана ийгиликтүү өткөнүн кошумчалап өттү.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстандын Парламенти эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бардык байланыштарды колдоого даяр экендигин билдирди.

“Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу алда канча жогору болду. Бирок бул жетишсиз, эки өлкөнүн арасындагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды жогорулатуу керек”, - дейт Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле, инвесторлор үчүн Кыргызстанда сапаттуу мыйзамдар жана жакшы шарттар түзүлгөндүгүн белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы, Пакистандан да инвесторлорду күтөрүн кошумчалады.

Андан тышкары, тараптар атайын бизнес-форумдарды өткөрүү менен Бишкек жана Исламабад ортосунда аба каттамдарын ачуу аркылуу эки өлкө арасында экономикалык байланыштарды кеңейтүү боюнча пикир алмашты.

Ал эми Кази Хабиб Ур-Рахман Пакистандын жаштарынын көпчүлүгү Кыргызстанда медициналык жана башка окуу жайларда билим алып жаткандыгына көңүл бурду.

Жолугушуунун соңунда Дастанбек Жумабеков эки өлкө арасындагы мамилелер чыңдалып, жалпы кызыкчылыктар ишке аша тургандыгынан чоң үмүт артарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий