• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Зилалиев Кыргызстан эки мөңгүнү 12 млрд сомго сатууда деген маалыматты төгүндөдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Суу кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси каралып жаткан парламенттин жыйынында Кыргызстан эки мөңгүнү 12 млрд сомго сатып жатат деген маалыматты төгүндөдү.

ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева иштөө мезгилинде мөңгүлөрдүн канча көлөмү иштетиле тургандыгына жана канча акча каражатына бааланып жаткандыгына кызыкты. Ал экосистемага жана жан-жаныбарларга таасир тийгизеби? Акча түрүндө эсептөөлөр болду беле? – деген суроолорду койду.

“Долбоор боюнча Кумтөрдү иштетүүнүн аягына чейин 35 млн куб мөңгүнү иштетүү пландалууда. Бүгүнкү күндө мөңгү 10% гана иштетилген – бул такталган пайыздык көрсөткүчтөр. Кенди иштетүүнүн аягына чейин Лысый мөңгүсү 20% жакын иштетилет. Ал эми Давыдов мөңгүсү боюнча бүгүнкү күндө ал орто ченине чейин иштетилген, кендин иштөө аягына чейин ал мөңгүнүн 70% түзөт”,-деди вице-премьер.

Депутаттын айтымында, мурда вице-премьер компенсациянын суммасы 12 млрд сом болот деп билдирген. “Сиздин оюңузча бул тең суммабы? Мындайча айтканда, биз бул мөңгүлөрдү 12 млрд сомго саттыкбы. Ошондой болуп калабы”,-деп сурады депутат айым.

Зилалиевдин билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күндө адистер “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. 12 млрд сом – бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы, бир пикирге келишүүсүнүн жыйынтыгы. “Биз мөңгүлөрүбүздү саткан жокбуз. Биз ал акчаны албай деле койсок болот, бирок мөңгүлөр баары бир жылып, ал жок болот”,-деди Зилалиев.

Пикир

Оставить комментарий