• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нурланбек Шакиев Санкт-Петербургда КМШ ПААнын жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин жыйынына катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында төрага Жогорку Кеңештин демилгеси менен жыл сайын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүп келе жаткан "Шериктештиктин балдары" IX Эл аралык маданий-билим берүү форумунун жыйынтыгы тууралуу баяндама жасады.

"Салтка айланган бул иш-чара шериктештикке кирген өлкөлөрдөгү келечек ээлеринин достугун бекемдеп, ынтымагын арттырууда. Ошондой эле аталган форум жаштар арасында тажрыйба алмашууга жана КМШга мүчө мамлекеттердин элдеринин каада-салттары менен таанышууга өбөлгө түзүүдө. Андыктан жаштар арасында биримдикти чыңдап, мамлекеттер аралык байланышты кеңейтүүдө аталган форумдун мааниси өтө чоң", - деди ал.

Андан тышкары, форумду мындан ары да улантуу зарылчылыгына токтолгон төрага демилгени колдогон КМШга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилерине ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, "Шериктештиктин балдары" форуму 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий