• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Нурланбек Шакиев Өзбекстанга иш сапары менен жөнөп кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезектеги форумуна катышуу үчүн Өзбекстандын Хива шаарына жөнөп кетти.

Аталган форумда коңшу өлкөлөрдүн парламенттер аралык байланышын чыңдоо маселелери талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле төрага иш-чаранын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Эскерте кетсек, төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Шарапаткан Мажитова, Гүлкан Молдобекова, Чынберди Төлөнов жана Чыңгыз Ажибаев бар.

Пикир

Оставить комментарий