• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улан Примов Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов кызматын тапшырды. Ал бул тууралуу 12-октябрдагы парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

"Өткөн жума жаңы төраганы шайладык. Баардыгыбыз бир фракциядан ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы - ред.) болгондон кийин моралдык жоопкерчиликти сезип, төраганын орун басары кызматын тапшырып берүүнү чечтим", - деди ал.

Түштөн кийин жаңы вице-спикер шайлана турган болду.

Белгилей кетсек, 5-октябрда "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий