Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.

Алгач төрага Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка жолунун курулушу менен таанышып, анда жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде көрдү. 100 чакырымды түзгөн бул жолдун курулушу кийинки жылдын июль айында бүткөрүлөрү күтүлүүдө. Президенттин көзөмөлү менен жасалып жаткан иштерге жалпы 4 млрд 646 млн сомго кетери болжолдонгон. 4-категорияда салына турган жолдун 50 чакырымы быйыл бүтөт. Азыркы тапта 250 жумушчу жана 90 техника иш алып барууда.

Андан соң төрага жергиликтүү эл менен жолугушуп, ушундай долбоорлор республиканын бардык аймагында ишке ашырылып жатканын белгиледи. “Айрыкча облус аралык жана райондор ортосундагы жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, айылдагы ички каттамдарды да жакшыртуу аракети көрүлүүдө. 100 чакырымды түзгөн бул жол бүткөрүлгөндөн кийин Каныш-Кыяга чейинки каттам да ондоп-түзөөдөн өткөрүлөт”, - деди.

Муну менен катар аба ырайынын туруксуздугунан улам өлкө аймагында сел тобокелдиктери күч алгандыгын жана акыркы айларда эле 180дей сел катталгандыгын айткан Нурланбек Шакиев: “Мына ошондой өзгөчө кырдаалдарды мамлекетибиз ыкчам жөнгө сала алды. Бул өлкөбүздүн кубаттуу мамлекетке айланып бара жаткандыгынын далили. Өзүбүз алган техникалык каражаттар пайдасын тийгизип, оор кесепеттердин алдын алууга жетиштик. Бардык тармактарды өнүктүрүүгө жана күчтөндүрүүгө багытталган аракеттер дагы уланат. Жакынкы аралыкта эле 450дөй заманбап техника келери күтүлүүдө”, - деди.

Андан тышкары, социалдык багытта да алгылыктуу иштер жасалып жатканына токтолгон Төрага айлык маяна, пенсия жана башка төлөмдөрдүн жогорулаганын эске салды.

Эскерте кетсек, төраганы депутат Азизбек Турсунбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий