Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Нуржамал Ильясова Евразия экономикалык комиссиясынын ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында маалымдалган.
Ал 1998-2016 -жылдары КР өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент), Бишкек шаарындагы ар кандай кызматтарда иштеген.
2020-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.
Пикир
Оставить комментарий