• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте "Оберон" базарлары жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Оберон "Дордой" жана Оберон "Орто-Сай" базарларынын аймактары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө "Оберон" ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында "Оберон" ЖЧКсы тарабынан "Дордой" (өлчөмү 6,42 га) жана "Орто-Сай" (өлчөмү 1,68 га) базарларында жайгашкан жер тилкелери ээлеп алынгандыгы такталган.

Тактап айтканда, "Оберон" ЖЧКсынын ээлери тарабынан 1998-жылы аталган жер участоктору убактылуу пайдаланууга (ижарага) алынган, буга карабастан "Оберон" ЖЧКсы тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан.

Кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан мыйзамсыз берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо жөнөтүлгөн.

Ошентип, Бишкек шаарынын административдик жана шаардык сотунун кабыл алган чечимине ылайык, аталган базарлар Бишкек мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилди. Муну менен наркы 3 млрд 889 млн 563 сом, жалпы аянты 8,1 га жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтарылды.

Келечекте аталган базарлардан түшкөн киреше Бишкек шаарынын бюджетине түшөт.

Учурда УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат жана юридикалык баа берилет.

УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча максаттуу иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий