• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Октябрь районунун акимине катуу сөгүш жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. CОVID-19ду алдын алуу боюнча жетишсиз издегендиги үчүн Октябрь райондук акимине катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-августта борбордук муниципалитетте биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөн.

Анын жыйынтыгында коронавирус инфекциясын алдын алуу, ошондой эле калкка маалымат берүү жана эмдөө боюнча жетишсиз иштегени үчүн Октябрь райондук акими Мирлан Эшкожоевге катуу сөгүш жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий