• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө диний экстремизмдин алдын алуу иштери күчөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө диний экстремизмдин алдын алуу иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ушул күндөрү облус аймагында регионалдык ички иштер органдарынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан дин өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү, ошондой эле Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Кезигүүнүн жүрүшүндө аймакта диний багытындагы кырдаал туруктуу болгонуна карабастан жаштар арасында деструктивдүү диний агымдарынын катарына тартуу коркунучу ачык бойдон калып жаткандыгы белгиленди. Мындан улам коопсуздук жаатында диний экстремизмдин алдын алуу маселеси учурда приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат.

Жолугушууда алдыда аткарыла турган иш-аракеттер кеңири түшүндүрүлүп, иш-чараларды өткөрүү методикалары талкууланды.

Теологдор, диний илимпоздор, дин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен биргелешкен маалымат-түшүндүрүү топторун түзүү маселеси каралып, алар тараптан калк арасында диний экстремизмдин алдын алуу, улут аралык ынтымакты бекемдөө, дин жаатындагы билимин жогорулатуу жана улуттук маданиятты өркүндөтүү боюнча иштерди активдештирүү керектигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий