Октябрь Урмамбетов Чүй облусундагы туристтик мезгилге даярдыкты текшерди

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй облусунун аймагындагы туристтик мезгилге даярдыкты текшерди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Анда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгү, алардын облустун аймагындагы райондук ички иштер бөлүмдөрү менен биргелешкен иш-мерчемдери, атайын техникалык каражаттары текшерүүгө алынды.

Жолдогу кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин ылдамдыкты өлчөөчү радарларды текшерүү учурунда айдоочулар менен жеке маектешип, ылдамдыкты сактап, карама-каршы тилкеге чыкпай, коопсуздук курун милдеттүү түрдө тагынуу керектигин эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жаткан кызматкерлерине да бир топ тапшырмаларды берди.

Айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин күчөтүп, чет жактан келген туристтер жана эс алуучуларга атайын даярдалган маалыматтык буклеттерди таратып, сылык мамиле жасап, эскертүүлөр берилиши керектигин баса белгиледи.

Санариптештирүүнүн алкагында ылдамдыкты өлчөөчү аппараттар, боди камера, "Авто-ураган" аппараттык программалык комплекстерди колдонууда аяр мамиле жасап, аларды колдон келишинче көбөйтүү керектигин айтты. Жол кырсыктарына кооптуу аймактарды талдап, ошол жерде жол кайгуулдарын көбөйтүү керектигин дагы белгиледи.

Жол кырсыктарын болтурбоо максатында алдын алуу иштерин, анын ичинде айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин көбөйтүп, жалпыга маалымдо каражаттары аркылуу дагы тынымсыз эскертүүлөрдү жана маалыматтарды чагылдырып турууну, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан талап кылды.

Жетекчилерге өздүк курамды дайыма текшерип, алар билим деңгээлин жогорулатуу үстүндө талыкпай иштеп, жогорку маданияттуу жана кесипкөй болуусу тийиштигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий