Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинети окумуштуулук даража үчүн үстөктөрдүн суммасын белгиледи.
Документке ылайык, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга дем берүү жана колдоо максатында министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы токтому менен 2025-жылдын 1-январынан тартып илимий, илимий- педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр белгиленди:
- илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн - 2700 сом,
- илимдин кандидаты, философия доктору (PhD)тармак боюнча доктор окумуштуулук даражалары үчүн - 1350 сом.
Токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.
Пикир
Оставить комментарий