• 87
  • 90.41
  • 0.84

Окуу убактысын жылдыруу Бишкектеги унаа тыгыны маселесин чечкен жок – депутат

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Депутат Дастан Бекешев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетине студенттердин жана окуучулардын окуу убактысын кайрадан карап чыгуу керектигин сунуштады.

Анын айтымында, окуу убактысын жылдыруу борбор калаадагы унаа тыгыны маселесин чече алган жок.

“Унаа тыгыны ошол бойдон эле калды, студенттер болсо үйлөрүнө кеч келип жатат. Мындан эч кандай пайда болгон жок. Тыгын маселеси чечилбей эле, студенттерге дагы чоң маселе жаралды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий