• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Олимпиада-2024: 3-августта Елизавета Печерских жана Мунарбек Сейитбек уулу күч сынашат

Спорт 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. 3-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында суучул Елизавета Печерских менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат.

Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат.

Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен беттешет. Буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип чейрек финалга чыккан.

3-августка жүгүртмө:

Елизавета Печерских (сууда сүзүү)
Саат 15:00 – эркин стилинде 50 метр аралыкка жарыш

Мунарбек Сейитбек уулу (бокс, 57 кг)
Саат 00:00 - 1/4 финал
Мунарбек Сейитбек уулу (Кыргызстан) - Жамал Харви (АКШ).

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.

Пикир

Оставить комментарий