• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Олимпиада-2024. Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 10.08.24. /Кабар/. Балбан Айпери Медет кызы Париждеги Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

Кыргызстандык спортчу 76 кг чейинки салмакта 1/4 финалда индиялык Ритика менен кез келди. Таймаш 1:1 эсебинде аяктап, Айпери Медет кызынын пайдасына чечилди.

Айпери Медет кызы 1/8 финалда кытайлык Вэнь Юань менен беттешип, 4:1 эсебинде уткан.

Эми кыргызстандык балбан жарым финалда америкалык Кеннеди Блейдс менен таймашат.

Пикир

Оставить комментарий