• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиада-2024: Бүгүн дзюдочу Эрлан Шеров менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат

Спорт 0

Бишкек, 31.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Париждеги Олимпиада оюндарынын таймаштарынын бешинчи күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат.

Дзюдо боюнча беттеште Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Эрлан Шеров күрөшөт.

Бокс боюнча турнирге дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу катышмакчы.

31-июлдагы мелдештердин жүгүртмөсү:

14:00 дзюдо, 90 кг салмак ченине чейин, 1/32 финал
Эрлан Шеров - Силва Моралез (Куба)

1-август, 02:00 бокс, 57 кг салмак ченине чейин, 1/8 финал
Мунарбек Сейитбек уулу - Хорта Родригез (Куба).

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Пикир

Оставить комментарий