• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Олимпиада-2024. Бүгүн Кыргызстандын үч спортчусу күчүн сынайт

Спорт 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын үч спортчусу күчүн сынайт.

Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Бекзат Алмаз уулу алгачкы беттешин өткөрөт. Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 57 кг чейинки салмак ченинде катышат.

Ошондой эле 9-августка караган түнү боксу Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрөт.

8-августтун жүгүрмөсү:

15:00 – грек-рим күрөшү, 67 кг чейин.
Амантур Исмаилов - Мате Немеш (Сербия)

15:30 – эркин күрөш, 57 кг чейин, 1/8 финал

Бекзат Алмаз уулу - Мейрамбек Картбай (Казакстан)

01:30 – бокс 57 кг чейин, жарым финал

Мунарбек Сейитбек уулу - Хавьер Ибаньес Диаз (Болгария)

Учурда өлкө куржунунда 4 медаль - 1 күмүш, 3 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медаль, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов коло байге, 97 кг салмак ченинде Үзүр Жусупбеков коло медаль жеңди.

Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтүүдө. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган болчу.

Пикир

Оставить комментарий