• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиада-2024: Бүгүн Париждеги мелдешке Кыргызстандын эки спортчусу чыгат

Спорт 0

Бишкек, 03.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Париждеги жайкы ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарына бүгүн Кыргызстандын эки спортчусу катышат.

Суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метр аралыкты эркин сүзүү жарышына чыгат. Мелдеш саат 11:00дө башталат.

Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда күч сынашат.

Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келет.

Спортчу буга чейин 57 кг салмак категориясында 1/8 финалда кубалык Сайдель Иван Орта Родригес менен беттеш өткөрүп, үч раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар Кыргызстандын боксчусуна жеңишти ыйгарган болчу.

Беттеш бүгүн түнкү саат 00:00дө болмокчу.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.

Пикир

Оставить комментарий