• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиада-2024: Бүгүн балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова килемге чыгат

Спорт 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүн Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында спорттук күрөш боюнча мелдештер башталат.

Турнирдин биринчи күнүндө 60 кг, 68 кг жана 130 кг салмак категориясына чейинки грек-рим, эркин күрөш боюнча финалисттер аныкталат.

Кыргызстандын атынан Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда беттештерин баштап, килемге чыгышат.

Балбан Жоламан Шаршенбеков казакстандык спортчу Айдос Султангали менен кез келет. Ал эми Мээрим Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күч сынашат.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча 19:00дө, жарым финал болсо, 01:00дө өтөт. Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта болот.

Пикир

Оставить комментарий