• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Олимпиада-2024: Балбан Акжол Махмудов чейрек финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Францияда өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов чейрек финалга чыкты.

Акжол Махмудов бүгүн Париждеги Олимпиада оюндарында мелдештерин баштады. Ал 77 кг салмак ченинде 1/8 финалда алгачкы беттешин өткөрдү.

Анда америкалык Камал Амир Бэй менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңишти камсыздады. Эми Акжол Махмудов чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев менен күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий