• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ОшМПУнун студенттери тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында эки медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 7-13-декабрь күндөрү Казакстандын Актобе шаарындө өткөн тогуз коргоол боюнча V Азия чемпионатында Кыргызстандын атынан катышкан Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери 1 күмүш жана 1 коло медаль тагынды. Бул тууралуу спортчу студенттердин Оштогу машыктыруучусу Болот Эрбатыров маалымдады.

Маалыматка ылайык, ийгилик жараткан студенттер аталган окуу жайдын колледжинин 3-курсунун студенти Бакытбек кызы Мадина 2-орунду камсыздап, күмүш медаль, ал эми дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти Гүлзат Эсеналиева 3-орунду ээлеп, коло медаль багындырышкан.

Спортчулар буга чейин университетте, Ош шаарында жана облусунда өткөн бир канча мелдештердин жеңүүчүсү болуп, Кыргызстандын чемпиондугун да багындырышкан. Өлкө ичиндеги мелдештерде мыкты оюн көрсөтүп, бир нече ийгиликтердин көрсөткүчү менен эл аралык биринчиликтерге жолдомо алышкан.

Белгилей кетсек, V Азия чемпионаты Дүйнөлүк тогуз кумалак федерациясы, Казакстандын Маданият, спорт жана билим берүү министрлиги ошондой эле Дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий